«Кыргызалтын» компаниясынын штаты чоӊ. Азыр анын аппаратында 120 адам иштейт. Компания башчысы Алмаз Алимбеков дайындалгандан берки 4 жыл аралыгында ишкананы реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок”, -деди Жогорку Кеӊештин депутаты Кожобек Рысбаев «Кыргызалтын» компаниясынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатканда.
Депутат «Кыргызалтынга» караштуу кен кору түгөнүп, жабылып калган «Макмал» кен ылгоо ишканасында азыр 130 адам иштейт деген маалыматты эске салып, муну кандай түшүнсө болорун сурады.
«Ишканада 70 адам иштейт делсе, аны 50 адам кайтарат экен, ушу кантип болсун. «Кыргызалтын» мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар компаниябы же бирөөнүн жеке менчик ишканасыбы? Анын аппаратын кыскартыш керек, жарытылуу деле иш жасаган жок», — дейт Кожобек Рысбаев.
Тармактык комитеттин мүчөлөрү укук коргоо органдарына «Кыргызалтын» компаниясынын иши боюнча айрым маалыматтарды текшерип, 10-апрелге чейин анын жыйынтыгын маалымдоо тапшырмасын берди. Ошондон кийин бирдиктүү чечим кабыл алынып, компаниянын ишине тийиштүү баа берилмекчи.