Биз менен байланышыңыз

ИИМ Москвадагы кыргызстандыктарды чагымга алдырбоого үндөдү

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 431 | 0

Москва шаарында жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар арасында WhatsApp мессенжери аркылуу кыргыз тилинде аудио жазуу менен тез чогула калууга үндөгөн чакырыктар тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Аскат Алиев «Фейсбуктагы» баракчасына Москвада эмгектенип жүргөн кыргызстандык жаштарга кайрылды. Ал жаштарды чагымга алдырбоого үндөгөн.

Чакырууда Москвада жашаган кыргыз балдарына чогулууга, себеби кыргыздарга башка улуттагы балдар кыр салганы айтылат. ИИМдин маалыматында мессенжер аркылуу келген билдирүүдөгү дарек менен чогулгандар да болду.

Урматтуу Москва шаарында эмгектенип жургон мекендештер! Сиздерге кайрылуубуздун себеби, акыркы кундору ар кандай ‘’ Вотсап’’ группалардан тез чогула калалы, башка улуттун балдары биздикилерди таарынтып коюптур, жана башка ушул сыяктуу ар кандай билдируулор тарап , ошол замат массалык турдо чогула калган фактылар болуп жатат. Тилеке каршы мындай чогулуулардын арты жакшы менен бутпой, трагедия менен аяктап, чогулгандар кылмыш жазасына тартылып калышы мумкун. Ошондуктан озгочо жаш муундардын окулдорунон суранабыз, мындай учурда провокацияга алдыртпастан , мыйзам чегинен чыкпай полицияга же болбосо Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россиядагы окулчулугуно кайрылуунуздар керек. Бир уйдун муйузу сынса, мин уйдун мүйүзү зыркырайт дегендей, саналуу мекендештердин мыйзам бузган терс корунуштору, миндеген эмгектенип жургон жердештерибизге терс таасири тийерин унутпаныздар. Ушул маалыматты болушуп, группаларга таратып коюнуздарды суранабыз.Сиздерди урматоо менен А.Алиев.

Опубликовано Аскатом Алиевым Воскресенье, 3 марта 2019 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM