Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аяктап бараткандыктан, жетекчилик орунга сынак жарыяланды.
Жыл жаңырары менен Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлугуна сынак жарыяланды. Себеби каналдын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдун төрт жылдык мөөнөтү аяктап баратат. Эми бир ай аралыгында КТРКны башкарам деген талапкерлер өз арыздарын калтырышы керек.
Бирок бүгүнкү күнгө карата катчылыкка бир дагы арыз келип түшө элек. Бул тууралуу каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.
—Мен кечээ эле КТРКда болдум. Бүгүн катчылык менен байланыштым. Азырынча эч кандай арыз түшө элек. Сынакка катышуучу талапкер жогорку билимдүү, ушул тармакта беш жылдан кем эмес иштеген, мамлекеттик тилди мыкты билген болушу керек. Чет тилдерди билген болсо, буга дагы артыкчылыктар берилмекчи. Анан, албетте, 6 телеканал, 5 радиосу бар чоң корпорацияны өнүктүрүү программасы болууга тийиш.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө 2010-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Бирок ал жерде бир же эки мөөнөткө деп каралган эмес. Мындан улам КТРКнын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков дагы кайрадан талапкерлигин коё алат.
Бирок Карыпбеков мындан үч жыл мурун биздин редакцияга экинчи мөөнөткө келбей турганын ырастаган эле.
—Мен буга чейин айткам эмес элем. Бүгүн айтып коёюнчу. Карыпбеков ашып кетсе эки жыл иштейт. Балким, эртең кетип калат. Радиону сыйлап айтып коёюн, кийинки мөөнөткө өлүп баратсам дагы калбайм!
Азырынча бул билдирүүсү жөнүндө жана каналдын башкы директорлугуна кайрадан таймашка катышып же катышпаары жөнүндө ачык пикирин билдире элек.
Анткен менен, Байкоочу кеңештин дагы бир мүчөсү Азамат Болгомбаев эгер кайрадан Карыпбековдун арызы келсе, аны коллегаларын колдобоого чакырат. Бирден бир себебин Коомдук канал эл арасындагы пикирди калыс бербей калганы менен байланыштырат.
—Эң биринчи — адамдык принциптер. Экинчиси, журналисттик кесиптик эреже сакталбай жатат. Ар бир журналист мамлекеттик каналда иштейби же жеке каналда иштейби, журналист эки тараптуу маалымат бериши керек. Кандай гана маселе болбосун көпчүлүк учурда ушундай КТРКнын саясат тармагын берген каналдар принциптерден тайып кетип жатат. Бир жактуу каралоолор жүрөт. Ошондуктан Карыпбековду колдобоого чакырам.
Азыркы тапта жалпыга маалымдоо каражаттары дагы КТРКнын жетекчилик ордуна ким делет деген өңүттө социалдык сурамжылоорорду башташты. Тизмеде Султан Каназаров, Шайырбек Абдрахманов, Толгонай Стамалиева, Эрнис Кыязов, Алтынбек Жумаев, Нурлан Шакиев, Дмитрий Ложниковду, Кылычбек Султанов жана Нарын Айыптын ысымдары аталууда.
Алардын айрымдарына байланышканыбызда комментарий берүүдөн баш тартты.
Ал ортодо талапкерлерди жең ичинен тандоо болот деген кептер чыгууда. Өзгөчө бийликтин таасири күч болорун Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «Маралга» айтты. Өз сөзүндө Карыпбековдун төрт жылдагы ишин баалай турганын, бирок бул саясий орун болгондуктан жогорку жактан чечилет деп буларга токтолду.
—Мен Илим Карыпбековдун ишине сын айта албайм. Төрт жылда алгылыктуу өзгөрүүлөр бар. Ошондуктан ага каршы сөз айтпайм. Бирок анын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Биз билип коюшубуз керек. Бул орун саясий болуп эсептелет. Ошондуктан башкы директорду каналдын байкоочу кеңеши эмес, жогорку жактагы Президенттик аппарат баш болгон органдар дайындайт. Ал эми Байкоочу кеңеш жөн гана эл көзү үчүн гана коюлган.
Ушул жагдайларды эске алганда каналдын башкы директорун шайлоо процесси толук ачык болушу керек. Бул сунушту көз карандысыз журналист Азамат Тынаев берип келет. Анткени мамлекеттин эсебинен каржыланган мекемелерге дайындалган жетекчи тууралуу элдин кабары жана тандоосу толууга тийиш.
—Алдыда КТРКнын жетекчисин шайлоо абдан маанилүү иш. Анын айланасында сөздөр дагы көп. Андыктан муну эске алуу менен шайлоо процесстерин толугу менен ачык-айкын кылуу керек. Бул тууралуу маалымат дагы үзгүлтүктүз берилип туруусу абзел.
Эскерте кетсек, Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал жана беш радио бар.
Мекемеге мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп келет.