Үстүбүздөгү жылдын 4-январынан 7-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу болот. Мындай эскертүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука—Каныш-Кыя автоунаа жолунда , Красная Горка—Ак-Таш автоунаа жолунда жана Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу автоунаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.