Биз менен байланышыңыз

Касиев: Моралдык жоопкерчилик эреже болуп калыптанышы керек

Күн чабыт | 17 Дек 2018 | 2248 | 0

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык кызматынан бошотулду. Ал 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттин катуу сынына кабылган. Буга Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев ири көлөмдөгү пара менен кармалганы себеп. Ал жол куруу жана оңдоо боюнча тендердик комиссиянын төрагасы болуп, чет элдик компанияга тендерди өткөрүп берүү үчүн 520 миң доллар пара талап кылып, 50 миң долларын алып жатып кармалган.

Министр президенттин сынынан кийин видео кайрылуу таратып, кызматтан кетүү арызын өз каалоосу менен жазганын, иштөөгө моралдык укугу жок экенин айтты. Мындан улам «Күн чабыт» программасында кыргыз аткаминерлеринде саясий жоопкерчилик барбы деген суроо боюнча коомдук ишмер Накен Касиевдин пикирин уктук.

Марал: Мурунку Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары  ири суммада пара алганы маалым болгондо саясий жоопкерчиликти сезип дароо эле кызматтан кетиш керек беле? Биздин аткаминерлер саясий, моралдык жоопкерчиликти канчалык сакташат? Же ушундай маданият калыптана элекпи?

Накен Касиев: Чынында бул жерде саясий дагы, укуктук дагы, моралдык дагы жоопкерчилик бар. Ошондуктан тилекке каршы биздин коомдо эгемендүүлүк жылдарынан бери көп эле терс көрүнүштөр болду. Бирок ушундай иштер болгондо өзүнүн жоопкерчилигин сезип, каалоосу менен арыз жазып кеткендер, аймактык жетекчилер болсун өздөрү кеткени менин эсимде жок. Муну менен бизде моралдык жоопкерчилик деген калыптана элек десек болот.

Транспорт жана жолдор министринин орун басарынын ири суммада пара менен кармалгандыгы, ага мекеменин жетекчилиги жоопкерчилигин дароо сезбегендиги “бомба жарылгандай” эле окуя болду. Мындан кийинки турмушубузда же келечекте мындай терс көрүнүштөрдө ошол тармактын жоопкерчилиги түздөн-түз моралдык жоопкерчиликте турат.

Мисалы, чет өлкөдө автоматтык түрдө же болбосо калыптанып калган нерсе катарында мындай жагдайларда министр же жетекчи тез эле өз арызы менен кызматтан кетет. Себеби жалпы коомчулук карап турат да. Жамшитбек Калилов болсо абдан такшалган министр эле. Аймакта иштеп жүргөндө да бир топ жолдун жасалышына салымын кошуп, жакшы иштеп жаткан. Бирок чоң кампания катарында күрөш жүрүп жатканда бул министрликте “бомба жарылып” кетти. Ошондуктан ал киши кызматтан алынды. Бираз кечигүү менен кетти. Менимче кийинки убакытта да бул процесс токтобойт. Ошондуктан моралдык укук эреже катарында башкаруу бийлигинде, аткаруу билйигинде кириш керек дагы, автоматтык түрдө ишке ашышы керек.

Марал: Саясий жоопкерчилик дегенде кызматтан алып коюу менен эле чектелип калуу адатка айланып калган жокпу?

Накен Касиев: Бул жерде коррупция менен конкреттүү бир киши кармалды. Уурулук кылган кишинин айыбын тийиштүү органдар аныктап, өз баасын берет. Ал эми бул жагымсыз жагдай министрликтин алдында болуп жаткандан кийин министр мындан ары иштеши тууралуу, же болбосо келечеги тууралуу ойлонушу керек болчу. Биздин коомдо буга чейин Аксы окуясы болду. Анда канчалаган киши иштен бошоду. Бирок алардын бири дагы өзүнүн каалоосу менен арызын жазып берген эмес. Коомчулуктун сыны, президентин кысымы менен гана кызматтан кетишкен. Ошондуктан бизде моралдык жоопкерчилик деген түшүнүк калыптана элек.

Саясаттан мурун дагы укуктук, моралдык жоопкерчилик деген бар. Мораль деген коомдо, башкаруу бийлигинде бар. Кээде саясатка такалбаган иштер болот. Бирок ошентсе да ар бир болуп жаткан терс көрүнүшкө жетекчи моралдык жактан жоопкерчилигин сезип, эреже катары калыптанышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM