Кыргызстандын Тажикстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов кызматтан алынды. Мындай Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.
Кошумчалай кетсек, Ниязов аталган кызматка 2014-жылдын 2-июлунда дайындалган болчу.