Биз менен байланышыңыз

Бир жылды энчилеп берсек, экология корголобу?

Коом | 26 Ноя 2018 | 941 | 0

2019-жылды “Экология жылы” деп жарыялоо сунушу Элдик курултайда да көтөрүлдү. Буга чейин да бир катар активисттер, экологдор менен катар Жогорку Кеңештин депутаты да сунуштаган болчу. Эмки жылды экологияга багыттоо менен учурда болуп жаткан жана келечектеги кооптуу өзгөрүүлөрдү алдын алууга болорун айтышат. Ал үчүн кагаз жүзүндө программа кабыл алып койбостон, жалпы аракет кылууга чакырышат.

Бишкекти кара түтүн каптагандан бери өлкөдөгү экология маселеси кайрадан көтөрүлүп, өткөн жумада болгон элдик курултайда кабыл алынган резолюциянын башкы саптарында келерки жылды “Экология жылы” деп жарыялоо сунушу орун алды. Бул маселе дайым актуалдуу болуп келгенин айткан экологдор учурда аны сактап калуу үчүн комплекстүү чаралар көрүлүш керектигин баса белгилешет. Курултайда бул маселени айтып чыккан көз карандысыз эколог Динара Кутманова буга чейин мөңгү маселеси көтөрүлүп, табиятка зыян келтиргени үчүн 6 млрд долларга “Центерра” сотко берилгени менен, 7 жылдан бери эч нерсе өзгөрбөй жатканын айткан. Анткени ушул эле жылдын июнь айында өлкө башчыга сунуштар берилип, андан жооп болгон эмес. Бул жылды “Экология жылы” деп жарыяласа, көп иштердин жасаларынан үмүт артууда.

-Биздин өкмөт тараптан, президенттин аппараты тарабынан канаттандырарлык жооп болбой жатат. Бизди таң калтырганы, башка өлкөлөргө да сунуш берилген, алар маанилүү экенин белгилеп жатканы менен, өзүбүздүн жетекчилерден жооп жок. Айрыкча өкмөткө караштуу агенттик бул маселени курч деп айтууга эрте дегени таң калтырды.

Өзгөчө Бишкектеги экологиянын бузулганынын көзгө көрүнөөрлүк учурлары байкалгандан бери бул маселе Бишкек шаардык кеңеши менен Жогорку Кеңеште негизги темаларга айланды. Парламенттин жыйынында эл өкүлү Рада Туманбаева да: “ 2019-жылды “Экология жылы” деп атоо сунушун президентке киргизем”,- деген. Бизге берген маегинде бул багытта пландары даяр экенин айтып, ушул жума ичинде президентке сунушун жөнөтөрүн билдирди.

-Пландар болуш керек. Алар кагаз жүзүндө эле калбастан, бардык аймакка жетиш керек. Ар бир кишинин катышуусу зарыл. Аң-сезимди өзгөртүү абзел. Бул сунуштар менен ушул жума президент менен жолугайын деп жатам.

Ушул эле маселени шаардык кеңештин депутаты Жанарбек Алымов да шаардык сессияда айтып чыкты. Депутат бул боюнча кескин түрдө чаралар көрүлбөсө, зыяны ар бир жаранга тиерин кошумчалайт.

-Бул суроону бүгүнкү сессияда да көтөрдүм. Көз карандысыз уюмдар абанын булгануусу эселеп көбөйүп жатканын айтып жатса, бул маанилүү. Чечкиндүү кадамдарга баруу керек.

Деген менен биздин сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү келерки жыл экология жылы деп кабыл алынганы менен алгылыктуу жыйынтык болоруна ишенбейт.

Бул жылды экономика жылы деп жарыяласа болмок. Анткени быйыл аймактарды өнүктүрүү жылы болгондон кийин аны улантуу керек деп ойлойм.

-Мен кошулам. Анткени барган сайын Бишкек деле көркүн жоготуп бара жатат. Бирок ишке ашарына көзүм жетпейт.

-Мага баары бир. Анткени айтканы менен ишке ашпайт. Баары эле кыйын. Баары эле сүйлөйт. Бирок жыйынтык жок.

Эске салсак, өткөн жумада Бишкекти кара түтүн каптап, коомчулукту дүрбөлөңгө салган. Көз карандысыз эксперттердин жүргүзгөн тыянагына өкмөттүн агенттиги каршы чыкканы элде ансайын нааразычылыкты жараткан. Ушундай эле экология боюнча маселелер Кумтөрдүн айланасында талкууланып, экологдордун нааразычылыгын жаратып келген.

Copyright © 2017 Maral FM