Бүгүн эртең менен Индиянын Канкер округунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо алдында кеминде жети жардыруу катталды.
Полициянын берген маалыматына караганда, маоист сокушкерлер чабуул жасашкан. Чабуул борбордон 160 чакырым алыстыкта жайгашкан Райпур штатынын Антагарх айылында орун алган.
Согушкерлер жардыруудан соң аскердик лагерге кайтып жаткан полиция кызматкерлерине кол салган. Ок атышуунун натыйжасында коопсуздук күчтөрүнүн бир кызматкери жарадар болгон. Полиция, өз кезегинде кол салуучулардын бирин жок кылган.
Согушкерлер токойго качып кирип, жашырыныш алганы белгиленүүдө. Учурда атайын күчтөр террорчуларды издөө иштерин улантууда.