Connect with us

Масалиев: Коррупция менен күрөштө УКМКнын кадамдары ынандырбайт

Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 581 | 0

Президент коррупция менен чечкиндүү күрөштү баштады. Бирок атайын органдын кылган кадамдары мага жакпайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын куру сөз менен камап коюп, кийин жоопкерчиликке тартканы мыйзамсыз.

«Мен камалгандардын арасында кылмыштын ишин таппай жатам. Далил жок кантип камайт? Камакка алгандарды 6 айдан бери суракка чакырбайт. Мисалы, К.Кулматов, Ж.Сатыбалдиевди бир да суракка чакырышкан жок. Бул коомчулукта адилеттүүлүктө алып келбейт. Коррупционер деп колго түшүрүп алып кийин сотко барганда башка берене менен камап жатканы ойлонтот», — дейт Масалиев.

Эл өкүлү мындан сырткары, коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттарга ачылган атайын эсеп элге жагынуу үчүн жасалган кадам экенин айтат.

«Каражаттар мамлекеттин эсебине түшүшү керек. Ал акчалар кайсы кылмыш иш боюнча өндүрүлгөнү тууралуу соттун чечими менен кошо бекитилсе ишенмекмин. Балким казынага түшүшү керек болгон каражаттар. Балким президентке жакшы көрүнөм деп кылынып жаткан иштер болушу мүмкүн», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM