Connect with us

Статком: Кыргыз тилиндеги сайттар көбөйдү

Кыска кабар | 4 Ноя 2018 | 1090 | 0

Интернет айдыңында кыргы тилиндеги сайттар көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү кыргыз тилиндеги сайттар 2013-жылы 23 %ды түзсө, ал эми 2017-жылы болсо 25,2 % болгон. Бул 4 жыл ичинде кыргызча сайттар Баткен облусунда 2,3 эсеге, Жалал-Абад облусунда 4 эсеге өскөн. Ал эми Бишкек шаарында 1,5 эсеге, Ош шаарында болсо 3,2 эсеге арткан.

Белгилей кетсек, өткөн 2017-жылы жеке сайттардын басымдуу бөлүгү 89,6 %ы шаарга, ал эми 10,4%ы айыл аймактарына тиешелүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM