Биз менен байланышыңыз

Никесиз төрөлгөн наристелердин көпчүлүгү Чүй облусуна туура келет

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 583 | 0

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылы жарыкка келген ымыркайлардын 23 пайызынын энесинин паспортунда «никеси жок» деп жазылган.

Никесиз төрөлгөн наристелердин эң жогорку көрсөткүчү Чүй облусуна туура келет. Бул аймакта ар бир үчүнчү ымыркайды никеси катталбаган аял төрөгөн. Ал эми Бишкекте төрөлгөн балдардын 26 пайызы ата-энесинин расмий никеси жок жарык дүйнөгө келишкен.

Андан кийинки орунда Ысык-Көл облусу турат. Ош шаарында 23% аял расмий никеге турбай көз жарса, Ош облусу менен Талас жана Жалал-Абадда бул көрсөткүч 22 пайызды түзгөн.

Нарын жана Баткен облусунда никесиз төрөлгөн балдар аз. Тоолуу аймакта 18% болсо, Баткенде төрөлгөн ымыркайлардын 17%ы никесиз жарык дүйнөгө келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM