Биз менен байланышыңыз

Назаров: Каражат берилсе дыйкандар да логистикалык борбор кура алат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2018 | 654 | 0

Логистикалык борборлорду курууда дыйкандардын да кызыкчылыгы болушу керек. Себеби жеке ишкер мындай борборду бизнес үчүн кургандыктан ал иштебей калат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров  “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал логистикалык борборлор боюнча парламентте өкмөттүк саат өткөрүү зарыл экенин белгилеп, каражат берилсе дыйкандар кооперативдерди түзүп, логистикалык борборлорду куруп кете аларына ишендирди.

«Бирок биз каражат бере албай жатабыз. Элдин талабын аткарабыз деп өкмөттү талайбыз. Дыйкандарды көтөрбөсөк айылдар өнүкпөйт. Аймактарды өнүктүрүү бир нече жылга созулат. Азыктарга дотация бере албай жеңидетилген каражат берүү менен гана чектелип калуудабыз», — дейт эл өкүлү.

Маалыматка ылайык, үрөн чарбаларын дотациялоо боюнча Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралууда. Былтыр асыл тукум малдарга дотация берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM