Биз менен байланышыңыз

Бакир уулу: ЖКнын сапаты барган сайын төмөндөп жатат

Пикирлер | 24 Окт 2018 | 511 | 0

Жогорку Кеңештин сапаты барган сайын төмөндөп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын саны өскөнү менен сапаты жогорулабай жатат.

«Биз Легендарлуу парламенттен да жакшы болобуз деген элек. Тилекке каршы, боло албадык. Азыркы чакырылыштын да деңгээли мурдагыларга караганда төмөн. Ошондуктан партиялык системаны өзгөртпөсөк, кийинки чакырылыш мындан да төмөн болот», — дейт Бакир уулу.

Ал алгачкы партиялар эл тарабынан түзүлсө, 2000-жылдан соң жасалма жол менен түзүлө баштаганын белгилейт.

«Депутаттар партиялык система менен шайланат дегенде акчалуулар, жеке кызыкчылыгын ойлогондор партия түптөп калды. Бийликке байлар келип жатат. Ошондуктан депутаттардын 50 пайызын эл шайлаган системага өтүү зарыл», — дейт мурдагы депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM