Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Атамбаев менен Жээнбековдун ишине баа берген курултай өтөт

Пикирлер | 23 Окт 2018 | 760 | 0

Өлкөдө «Кыгызстан: Кечээ. Бүгүн. Эртең» аталышында курултай өтөт. Ал саясий коомдук, күчтөрдүн курултайы болот. Анда өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык ишине саясий, коомдук баа берилет. Бул тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн курултай боюнча уюуштуруу комиссиясы түзүлөт. Иш-чарага бир топ партиянын лидерлери, депутаттар, экс-спиркерлер, мурдагы премьер-министрлер катышат.

Бекназаровдун айтымында, азыркы кырдаал Жээнбеков менен Атамбаевдин тирешине байланып калган. Башка эч нерсе көрүнбөйт. Сырттан караганда инвестиция, экономикалык өсүү жок. Саясий, укуктук реформалардын аты да чыга элек.

«Эгемендиктин ээси эл деп коёт. Ошондуктан эл экенибизди билдирип, эки президентке да баа берип, келечек жөнүндө ойлорубузду айтып, чечимдерди кабыл алабыз. Атамбевдин ишине баа бергенбиз. Бирок ал убакта кырдаал башкача эле. Бүгүн эки жээктен сүйлөп, талашууга мүмүнчүлүк бар», — дейт Бекназаров.

Ал белгилегендей, мурдагы президенттер А.Акаев менен К.Бакиевдин ишине баа берилип, кол тийбестиги алынган.

«Атамбаевге эч ким баа берген жок. Ал эч кимди көзгө илбей, кайрылуу да жасаган жок. Президенттердин ишине укуктук бааны Башкы прокуратура менен укук коргоо органдары берет», — саясатчы.

Анын пикиринде кыргыздар эл экенин 2 жолу көрсөтө алган. Азыр да 3 кырдаалга жол бербөө үчүн курултайда катуу, ачык сөз болот.

«Бир эле Жээнбековдун ишине баа берсек, эл бизди Атамбаевдин кылычын чаап жатат деп ойлойт. Биз Конституциянын алкагынан чыкпайбыз. Экстерден азыркы президентке дем бере турган нерселер айтылбайт. Алар бирөөгө «Ак Шумкар» орденин бер, Бабановду алып кел деп айтышы мүмкүн. Бирок ушундай реформа жаса деп курч айта албайт», — дейт Бекназаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM