Өткөн жума ичинде 189 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.
12-18-октябрь күндөрү текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 18 миңден ашык жаран административдик айыпка тартылган.
Анын ичинде, жол белгилерине маани бербеген 3 миңден ашык, унаасынын терезесин караңгылаткандыгы үчүн 35, жогорку ылдамдыкта унаа башкаргандыгы үчүн 2 миңден ашык айдоочу кармалган.
Дагы башка жол эрежелери бузулгандыгы үчүн 12 миңден ашык жаран айыпка жыгылды. Атайын унаа токтотуучу жайга миңдей жарандын унаасы токтотулду.