Биз менен байланышыңыз

Өткөн жумада 189 айдоочу мас абалында унаа башкарган

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 614 | 0

Өткөн жума ичинде 189 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

12-18-октябрь күндөрү текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 18 миңден ашык жаран административдик айыпка тартылган.

Анын ичинде, жол белгилерине маани бербеген 3 миңден ашык, унаасынын терезесин караңгылаткандыгы үчүн 35, жогорку ылдамдыкта унаа башкаргандыгы үчүн 2 миңден ашык айдоочу кармалган.

Дагы башка жол эрежелери бузулгандыгы үчүн 12 миңден ашык жаран айыпка жыгылды.  Атайын унаа токтотуучу жайга миңдей жарандын унаасы токтотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM