Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Кадр кризиси бүгүн эле жаралган жок

Пикирлер | 11 Окт 2018 | 735 | 0

Учурда болуп жаткан кемчиликтер, кадр кризиси бүгүн жаралган жок. Ал топтолуп калган кризис. Мындай пикирин Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрам Мадумаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматка өлкөдөгү революциялар терс таасирин тийгизген. Жогорку, саясий кызматтарга атайын дайындоолордо маселелер жаралууда.

«Министрдин, акимдердин орун басарлары атайын жол менен дайындалат. Саясий кызматтар биздин мекеме аркылуу дайындалбайт. Башка мамлекеттерде кадрлар тартип менен кызматка келет да ошого жараша өнүгүп жатат. Кадрлар бардык тепкичтерди басып өтүп кызматка келсе, системалуу болмок», — дейт Мадумаров.

Мадумаров белгилегендей, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу милдетин органга бериш керек. Системалуу база түзүп, кызматкерлер чет өлкөгө семинарга барып келген соң текшерүү зарыл.

«Ар бир мамлекеттик орган өзү бюджетинин 1 пайызын кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жумшаса болот. Тилеккке каршы, министрликтер буга көңүл бурбай жатат. Ал эми Мамлекеттик кадр кызматы семинарларды өткөрүү, окутууларды уюштуруу боюнча Кытай менен меморандумга кол койгонбуз. Бир топ мамлекеттик органдарда эл аралык долбоорлор бар. Бирок көзөмөл жок. Андыктан системалуу база түзүп, семинарга барып келген соң текшерүү зарыл», — дейт Мадумаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM