Connect with us

Миллионду чапчыган уу

Блог | 4 Окт 2018 | 1416 | 0

Тамеки тартууга каршы күрөшүүгө багытталган иш чара жылына 2 жолу белгиленет Тамеки чегүү адаты менен күрөшүү эл аралык күнү (чылымсыз 1 күн) 31-майда жана ноябрь айынын үчүнчү бейшембисинде — тамекиден баш тартуу күнү. Биз сиздерге чылым чегүүнүн зыяндары тууралуу Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү Асель Сооронбаеванын блогун сунуштайбыз.

Учурда көчөгө чыксаң, кайсы жерде болбосун, ал тургай окуу жайларынан да тамеки чеккен адамды жолуктурасың. Чакан-чекене дүкөндө иштеп жүргөндө жумасына эң аз дегенде 25 миң сомдун тамекиси өтөр эле.

Кыргызстанда бул уулуу затты саткан 4 ири дистрибьютордук компания бар болсо, алардын ичинен сатуу деңгээли боюнча алдыңкы орунду ээлеген компаниянын бир эле соода агенти (!) күнүнө 0,5 млн сомдун тамекисин дүкөндөргө өткөрөрүн айткан. Эң өкүнүчтүүсү — ушул миллиондогон акча сарптаган элибиз өзүнө пайдалуу нерсе эмес, уу сатып алганы.

Тамекинин курамында бутан, никотин, нафталин, ацетон, көмүртек кычкылы, метан, чайыр, аммоний ж.б. уулуу заттар бар экени маалым. Тамеки чеккендердин 90 пайызы бул илдеттин зыянын, кесепеттерин билип турса да, андан арылгысы келбейт.

Расмий статистикага ылайык дүйнө жүзүндө 1,1 млрд тамеки сүйүүчүлөрү бар. Орто эсеп менен алганда алардын өмүрү 10-12 жылга кыскарат. Тажрыйбалуу чегүүчүлөрдөн төмөнкү терс көрүнүштөрдү байкаса болот: тез дүүлүгүү, эс тутумунун начарлашы, тамактануусунун төмөндөшү, табигый энергиясынын азайышы.

Эң биринчи өпкө запкы тартат, түтүн жана чайыр дем алуу органдарын кургатат, анын кесепетинен аба менен организмге кирчү майда жана кир заттарды тосо турган функция бузулат. Бул өпкөнүн таза эмес болуусуна алып келет. Бара-бара жөтөл курчуйт. Андан соң өнөкөт бронхитке айланып, астма, рак оруусу күч алышы мүмкүн. Жүрөккө жана кан-тамырга тийгизген зыянга тамеки чеккен адам көп учурда маани бербейт: көздүн ички кан — тамырларынын жарылуусу, инсульт ж.б. жоготуулардын бирден-бир себеби жогоруда айтылган зыян адат болот.

Күнүгө акылга сыйбаган каражат тукумсуздук, жыныстык кудуретсиздик жана оорулуу балдардын төрөлүшүнө себепкер болгон тамекиге жумшалып, таштандыга ыргытылат. Биздин өзүмчүл жашообузда айлана-чөйрөгө зыян келтирип аткандыгы тууралуу чанда адам ойлонот. Бул өтө өкүнүчтүү. Чегүүчүнүн жанындагы адамдын ден-соолугу дайыма көбүрөөк терс таасирге дуушар болот.  Себеби тамеки чегүү учурунда, абада пайда болгон түтүндүн зыяндуу заттарынын концентрациясы жогору болот.

Мамлекет тарабынан тамекиге болгон акциздин баасын жогорулатуу, таңгакка жийиркеничтүү, коркунучтуу сүрөттөрдү жайгаштыруу, Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү эскертүүлөрүн жазуу ж.б. иш-чаралар жүргүзүлгөнү менен, уулуу заттын өтүмү азайган жок. Көптөгөн кардарлар бул сүрөттөрдү биринчи көргөндө чочулап, тамекинин баасынын жогорулашына мамлекетти тилдеп, кийин бара-бара ага да көнгөндүгү тууралуу айтышат.

Коомчулуктун терс адаты менен күрөшүүгө багытталган иш чара жылына 2 жолу белгиленет -Тамеки чегүү адаты менен күрөшүү эл аралык күнү (чылымсыз 1 күн) 31- майда жана ноябрь айынын үчүнчү бейшембисинде — тамекиден баш тартуу күнү. Негизги максат- тамеки чегүүнүн медициналык кесепеттерине  коомчулуктун көңүлүн буруу.

Албетте, адам өзүн өзү колго алып, терс өнөкөтү менен күрөшмөйүн, алгылыктуу жеңишти күтүү кыйын. Ар бир чегүүчү өзүн да, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдү да ойлоп, бул илдет менен өз алдынча алышып, болгон аракетин жумшаганда гана  оң тыянак чыгат деп ишенсе болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM