Кыска кабар11 Авг 2021
Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин директору болду
Рахат Керимбаева Министрлер кабинетинин алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттигинин (Кыргызпатент) директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 10-августта президент Садыр Жапаров кол койгон.