Connect with us

Нарында наркы 1 млрд сомдон ашкан объект мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 23 Дек 2024 | 102 | 0

Баасы 1 млрд. 79 млн сомду түзгөн мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен       «Мунара Курулуш» акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы «Запин» участогунда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га жер участогун бекитип бергени аныкталган. Буга чейин аталган жер тилкеси Нарын темир-бетон заводуна таандык болгон. Кийинчерээк буйруктун негизинде Нарын шаарындагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары «Мунара курулуш» АКсынын ээсине 6,6 га жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен.
     Бул факт боюнча материалдар маалыматтардын электрондук журналына  катталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасына ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин базар баасы 1 млрд.79 млн сомду түзгөн

Copyright © 2017 Maral FM