Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадан Казань шаарына жасаган чабуулу үчүн өч алаарын эскертти. Бул тууралуу ал Орусиянын аймактары менен болгон телекөпүрөдө Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен сүйлөшкөндө билдирди, деп жазат «Коммерсант» басылмасы.
«Биздин өлкөдө бир нерсени жок кылууга, канчалык аракеттер көрүлсө да, бул үчүн өз өлкөсүндө чоң кыйроого учурайт жана биздин өлкөдө кылган аракетине өкүнөт», — деди ал.
Путин ошондой эле Миннихановго кайрылып, Казань шаарында кол салуудан жабыркагандардын бардыгын калыбына келтирерине ишенерин билдирди. «Биз алдыга жылабыз, бизге келтирилген зыяндын ордун толуктап, мындан да чоң кадамдар менен алдыга жылабыз», — деп кошумчалады президент.
Украина учкучсуз учактар менен 21-декабрда Казань шаарына чабуул жасаган. Татарстан бийлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан сегиз дрон менен имараттарга сокку урулган, алардын ичинен алты ускучсуз учак турак жайларга кулап түшкөн. Орусиянын Коргоо министрлиги сегиз эмес, алты учкучсуз учак экенин, алардын үчөө атып түшүрүлгөнүн ырастаган.
Казань шаарынын мэриясы учкучсуз учактар шаардын үч районунда — Советский, Кировский жана Приволжскидеги турак жайларга кулап түшүп, өрт чыгып кеткенин билдирген. Жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жарыяланган жок. Телеграм каналдарда үч адам жаракат алганы кабарланган.