22-декабрда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов 102 жаш курагында дүйнөдөн өттү.
Асек Урманбетов 1923-жылы 2-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Утуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Согуш маалында ал Украинанын жана Белоруссиянын аймактарында душмандарга каршы согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарып, эки истребитель менен бирге немистердин 76 автомашинасын ар кандай жүктөрү менен колго түшүргөн.
Жеңиштин урматына Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда «Даңк» медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарбасында өндүрүштүк кооперативде башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу Асек Урманбетов “Ак жол” коомдук фондун жетектеп, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк жардам көрсөтүп келген.
Маркумду арыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн 23-декабрда Саруу айылында өтөт.