Бишкекте автобустун катышуусунда 5 жол кырсыгы катталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун борбор калаада аба ырайына байланыштуу 5 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 4 муниципалдык автобус жолдон чыгып кеткен, бир учурда жеңил унаа автобусту сүзгөн.
Жеңил унаанын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенди.
Ал эми калган 4 автобус эч кандай техникалык зыянга учураган эмес жана бүгүнкү күндө кадимки режимде шаардыктарды тейлеп жатат.
Күн мурун Бишкекте борошологон кар жаап, жолдор тайгак болуп, тыгындар жаралган.