Connect with us

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны өсүүдө

Кыска кабар | 19 Дек 2024 | 145 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров өлкөдө майыптыгы бар адамдардын санынын өсүшүнүн кооптуу динамикасын белгиледи. Бул тууралуу ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында өткөн майыптардын иштери боюнча кеңештин кезектеги жыйынында айтты.

Жыйында өзгөчө кырдаалдарда майыптуулугу бар адамдардын укуктарын коргоо, республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин ишмердүүлүгү, майыптыгы жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жеткиликтүүлүгү, ошондой эле майып адамдардын ар кайсы чөйрөлөрдө укуктарын коргоо боюнча негизги маселелер каралды.

Эмгек министри Равшанбек Сабиров майыптыгы бар адамдардын санынын өсүү тенденциясына тынчсызданып жатканын билдирди.

«Майыптуулугу бар адамдардын санынын өсүү динамикасы социалдык жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын төмөндөтүү тобокелчилигин жаратат. Каржы ресурстарынын чектелүү шартында, алардын даректүүлүгүн жакшыртуу менен катар реабилитация жана социалдык адаптация процесстерин өркүндөтүү аркылуу оптималдаштыруу зарыл».

Бул багытта ал майыптыкка алып келген оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо чараларын күчөтүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM