Connect with us

Бишкек — Сокулук багытында жүргөн автобус каттамы ишке кирет

Кыска кабар | 19 Дек 2024 | 152 | 0

Бүгүн, 19-декабрдан тарта Бишкек — Сокулук багытында жүргөн № 32 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы аялдама тоок фабрикасында жайгашат. Күн сайын 25 автобус каттамга чыгат, жүрүү аралыгы 10-14 мүнөттү түзөт.
Жол кире акысы 35 сом. Ал эми Бишкек шаарынын аймагында 20 сом.

«Автобус каттамы Сокулук районунун тургундарынын өтүнүчү менен ачылды. Жол кире акысы Сары-Өзөн айылдык кеңешинин чечими менен 35 сом болуп бекитилди», — деп айтылат маалыматта.

Туруктуу каттам ачылгандыктан, убактылуу иштеп жаткан № 19 автобус каттамы ишин токтотот. Бажы жана каттоо процедуралары аяктаса, Isuzu үлгүсүндөгү автобустарга алмаштырылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM