Ала-Букада мыйзамсыз акча чогулткан райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуп келишкендиги аныкталды.
Алсак, аталган кызматкерлер материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алууну көздөп, ыйгарым укуктарын кызматтын кызыкчылыгына каршы колдонушуп, кысым көрсөтүү жолу менен №33 жалпы орто билим берүү мектебинин директорунан 127 миң 975 сом акча каражатын «МБанк» тиркемеси аркылуу котортуп алышкан.
Мындан тышкары, ушундай эле мыйзамсыз аракеттер райондогу башка билим берүү мекемелеринин жетекчилерине карата да колдонулуп, акча каражаттары мыйзамсыз жыйналган.
Бул фактылар боюнча Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү үчүн иш Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.