Баткенде быйыл 21 социалдык объекттин курулушу аяктады.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Баткен облустук курулуш башкармалыгы тарабынан мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2024-жыл ичинде облус аймагында 71 объектиде курулуш, оңдоп-түзөө жана долбоорлоо иштери жүрдү.
71 объектинин ичинде 31 мектеп, 4 спорт комплекси, 7 балдар бакчасы, 6 административдик имарат, 3 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 маданият мекемеси, 4 таза суу обьектиси, 4 турак үйдүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери бар.
2024-жылдын жыйынтыгы менен 21 объекттин курулушу аяктоодо. Буга чейин 16 социалдык объект эксплуатацияга тапшырылды.
Алар 9 мектеп, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 таза суу обьектиси, 2 административдик имарат.
31-декабрга чейин курулушу аяктаган дагы 5 объектини колдонууга берүү пландалууда.