Connect with us

Кыргызстанда оор жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштады

Кыска кабар | 18 Дек 2024 | 224 | 0

Кыргызстанда оор жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Дагы бир жакшы кабар менен бөлүшө кетейин. «Шумкар» ачык акционердик коому SHACMAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааларды чыгара баштады. Сыноолор ийгиликтүү өтүүдө»,-деп жазды ал.

2023-жылы 18-майда президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлуп, анын ичинде «ТНК Шумкар» ААКсы менен «Xian Yuanchao» компаниясынын ортосунда Кыргызстанда SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу документине да кол коюлган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM