Ишкерлерге Фитосанитардык сертификаттарды онлайн алууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Айыл чарба продукцияларын экспорттоодо фитосанитардык документтерди алуу процессин автоматташтыруу максатында Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы аркылуу электрондук өтүнмө берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Ага ылайык, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары фитосанитардык документтерди алуу үчүн Департаменттин кеңселерине же Ишкерлерди тейлөө борборлоруна барбай эле, аралыктан электрондук түрдө шилтеме аркылуу арыз бере алышат.
Ошондой эле жеке кабинетти колдонуу боюнча кошумча маалымат жана көрсөтмөлөрдү алуу үчүн 0312 902640 номерине кайрылса болот.