Connect with us

Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды

Кыска кабар | 18 Дек 2024 | 157 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы – президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды.

16-декабрда Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетип жатканы белгилүү болгон. Жапаров 2021-жылдын 13-октябрынан бери Министрлер кабинетин жетектеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM