Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык алмашуулар болду.
Ага ылайык, мурдагы Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Анын ордуна Бакыт Сыдыков Экономика жана коммерция министри болуп дайындалды.
Мындан сырткары Жогорку Кеңеште Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев ант берди.
Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана парламент депутаттары катышты.
Быйыл 5-сентябрында президент Садыр Жапаров Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министри кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.