Connect with us

«Мейкин»-2024 сыйлыгынын лауреаттарынын тизмеси жарыяланды

Кыска кабар | 18 Дек 2024 | 126 | 0

Кечээ, 17-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда журналисттер үчүн «Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи болду.

Президент “Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык. Бул калеми мененби же фото, видео-камерасы мененби, айтор, азыркы Кыргызстандын көп кырдуу портретин тартып, анын татаалдыгын да, таасирдүү жетишкендиктерин да чагылдырып, улутубуздун тарыхый эс тутумун калыптандыргандар үчүн сыйлык”, — деп белгиледи.

Президент Садыр Жапаров журналисттерди жеңиши менен куттуктап, аларга «Мейкин» сыйлыгынын статуэткасын, ошондой эле бир миллион сомдук сертификаттарды тапшырды.

«Мейкин»-2024 сыйлыгынын лауреаттары төмөнкүлөр:

  • Айсулуу Асанбекова, УТРКнын кабарчысы — “Бир эл – бир түндүк” номинациясы;
  • Аскар Маратов, ЭлТРдин оператору -«Керемет Кыргызстан» номинация;
  • Мария Индина, «Акчабар» финансы порталынын башкы редактору -“Салык өнүгүүгө салым” номинациясы;
  • Алимжан Алибеков, «Кут Билим» басылмасынын редактору — “Билим келечек” номинациясы;
  • Гүлбарчын Молдоева, УТРКнын Ысык-Көл облусундагы кабарчысы -«Куттуу элет» номинациясы;
  • Аида Аматбекова, «МИР» МТРКнын кабарчысы — «Мекен жана мен» номинациясы;
  • Дооронбек Адаханов, YouTube-блогер — «Мекендештер» номинациясы;
  • Рахат Кыдыртоктоева, ЭлТРдин алып баруучусу — “Кыргызстанда чыгарылган” номинациясы;
  • Елена Череменина, «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигинин жана радиосунун жетекчиси-«Сергек жашоо» номинациясы;
  • Улан Эшматов, эркин журналист — «Таза Мекен» номинациясы

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM