Кыргызгидромет билдиргендей, 18-декабрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Ош облустарында айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгалак болот.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +2…+7
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…+2
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8°, күндүз +4…+6° жылуу болот.