Пандемия учурунда көптөгөн компаниялар оорунун алдын алуу үчүн анын баштапкы белгилерин аныктоого жардам берген гаджеттерди иштеп чыгуу үчүн аракет кылышкан. Бул идея учурда ишке ашкан
Финляндиянын Oura Health компаниясы тарабынан иштелип чыккан Oura Ring деп аталган «акылдуу» шакек сизге ушул мүмкүнчүлүктү сунуштайт. Бул инновациялык шакек жаңы функциясы менен адамга так диагноз коюп бербесе дагы, оорулардын башталуу белгилерин аныктоодо жардам берет.
Изилдөөлөргө караганда, адамдын денеси оорунун башталышынан 1-2 күн мурун өз иштешин өзгөртө баштайт. Акылдуу шакек оорунун түрүн аныктап бербесе да, анын бар экендиги тууралуу колдонуучуну алдын ала эскертет.
Акылдуу шакектин ички бетинде дене табы, жүрөк согушу, дем алуу ылдамдыгы, активдүүлүк деңгээли, уктоо сапаты жана башка параметрлерин байкоочу бир нече сенсорлор бар. Мунун негизинде шакек күн сайын ээси тууралуу маалыматтарды топтойт. Эгер организмде кандайдыр бир өзгөрүү же коркунуч сезсе, ал дароо белги берет. Айрыкча стресстин деңгээлин да аныктайт.
Oura Ring мобилдик телефон менен Bluetooth аркылуу байланышып, маалыматтарды оңой эле синхрондоштурат. Шакектин батареясы болжол менен 7 күнгө чейин иштейт, суу өткөрбөйт.
Oura Ring 4 он эки түрдүү өлчөм жана алты түс менен сатууга чыкты. Анын баштапкы баасы 349 долларды түзөт.