Connect with us

Ташиев: Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок

Кыска кабар | 17 Дек 2024 | 155 | 0

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топторго каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат. Ушуга чейин уюшкан кылмыштуу топ Кыргызстанда өтө көбөйүп кеткен. Мындан кийин өлкөдө кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керек.

«Буга чейин Кыргызстанда эң байлар уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери болгон, алар чиновниктерди сатып алып, бизнес кылып келишкен», — деди ал.

Укук коргоо органдары тарабынан Камчыбек Асанбек, Кадыр Досонов, Эркин Мамбеталиев жана Чыңгыз Жумагулов сыяктуу уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринен 50 млрд сомго жакын каражат алынган.

«Азыр Кыргызстанда көчө бандиттери гана калды, коркунучтуу бандиттер жок, ишкерлер тынч иштешсе болот»,— деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM