Connect with us

Жапаров Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаевди кабыл алды 

Кыска кабар | 17 Дек 2024 | 130 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаевди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды жана аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдө туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөткөн мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлине канааттануусун билдирди.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын июль айында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашууларды, анын ичинде баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшө турган Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү тууралуу макулдашууларды ишке ашырууга ишеним билдирди.

Экономикалык кызматташтыктын контекстинде Садыр Жапаров өз ара соода көлөмүнүн өсүшүн, товарлардын номенклатурасынын кеңейишин жана экспорттук-импорттук байланыштардын бекемделишин белгиледи. Ал биргелешкен ишканаларды түзүүнүн жана ири инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде энергетика жана транспорт тармактарында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM