Бундестаг Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө добушун жарыялады. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазууда.
16-декабрда Германия парламентинин төмөнкү палатасы катары эсептелген Бундестагдын 394 депутаты Шольцко ишеним көрсөтүшкөн эмес, 207 депутат канцлерди колдосо, 116сы калыс пикирин карманган.
Мындан тышкары ишеним көрсөтпөө добушун, оппозициянын консервативдик бөлүгүндөгү эң ири фракцилар — Христиан-демократиялык союз (ХДС) жана Христиан-социалдык союзу (ХСС) ошондой эле Эркин демократиялык партиясы да башкаруучу коалициядан чыгып, Шольцко ишеним көрсоткөн эмес. Солчулдар партиясы, Сара Вагенкнехт союзу жана «Германия үчүн альтернатива» партиясынын өкүлдөрү да Шольцко ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.
Эми өлкөнүн президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21 күндүн ичинде Бундестагды таркатуу боюнча чечим кабыл алышы керек. Ал буга чейин «өлкөгө туруктуу жана иш кыла ала турган өкмөт керек» деп айткан, андыктан Штайнмайер Бундестагды таркатаары күтүлүүдө.
Андан кийин 60 күндүн ичинде Германияда жаңы шайлоо өткөрүлөт.
Германиянын Конституциясы Бундестагдын өз алдынча таркашына жол бербейт. Серепчилердин айтымында Германияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн бирден бир жолу – өкмөткө ишеним көрсөтпөө.