Connect with us

Футбол: Жоэл Кожо жылдын мыкты оюнчусу аталды

Блог , Спорт | 11 Дек 2024 | 466 | 0

10-декабрда KFU Football Awards — өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи болду.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Жоэл Кожо «Жылдын мыкты футболчусу» аталды.

Ал эми «Жылдын мыкты футболчу айымы» наамы футбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасынын капитаны Айжан Боронбекова аныкталды.

Быйыл Кыргызстандын «Футзал боюнча мыкты оюнчусу» наамы Кайрат Кубанычовко ыйгарылды. Ал эми «Футбол боюнча Кыргызстандын мыкты жаш оюнчусу»  Эрмек Кенжебаев болду.

Кыргызстандын «Футбол боюнча мыкты машыктыруучусу» деп «Абдыш-Ата» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Ислом Ахмедов табылса, «Футзал боюнча мыкты машыктыруучу» Мирланбек Абдыкадыровко берилди.

«Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу» наамы Гүлбара Уматалиевага берилди. Быйыл мындай наам биринчи жолу берилип жатат.

Кыргызстандын «футбол боюнча мыкты калысы» наамы Вероника Бернацкаяга берилсе, «футзал боюнча мыкты калысы» наамы Талантбек Раимбердиевге йгарылды.

Жылдын мыкты футбол клубу – «Абдыш-Ата» футболдук клубу, мыкты регионалдык уюм – Жалал-Абад облусунун футбол ассоциациясы жана мыкты спорттук уюм – «Барселона» футбол академиясына берилди.

Аталган номинациялардын ичинен «Жылдын мыкты футболчусу» жана «Жылдын мыкты машыктыруучусу» наамдар боюнча президент Садыр Жапаровдун «2024–2034-жылдары Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык 500 000 сом өлчөмүндөгү атайын сыйлыктар тапшырылды.

Football Awards сыйлыгы Кыргызстандын Футбол бирлиги тарабынан 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM