Connect with us

УКМК төрагасы Ташиев абактагы Темирлан Султанбеков боюнча үн катты

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 254 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Социал-демократтар» партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков боюнча суроого жооп берди.

Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында депутат Сеид Атамбаев мурдагы депутат Ирина Карамушкина жана Темирлан Султанбеков абакта начар шартта кармалып турганын айткан. Ошондой эле бийлик Темирлан Султанбековго эрегишпей, кандайдыр бир консенсуска келүүсү туура болорун билдирген.

Камчыбек Ташиев Темирлан Султанбеков душман эместигин, бирок мыйзам бузгандар жооп бериши шарт экенин айтты.

«Жаза аткаруу кызматы абактагы сиз айтып жаткан адамдар кандай шартта кармалып турганын азыр эле барып көрсөтүшсүн. Сиз өзүңүз барып көрбөй туруп, укканыңызды гана айтып жатасыз. Кармушкина, Султанбеков же башка жаран бизге душман эмес, алар мыйзам бузду, жооп бериши керек. Кандай артыкчылыктары болсо да мыйзам алдында жооп бериши керек. Жаш бала болсо, эрегишпесек, жаш баладай алып жүрсүн өзүн, ал мамлекетти башкарууну каалап атат, чоңойсун» , — деди Камчыбек Ташиев.

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина, партиянын тарапташы Роза Түрксевер 14-ноябрда камакка алынган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Темирлан Султанбеков кармалгандан бери ачкачылык кармоодо.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM