Connect with us

Кара-Кулжада тоо боорунан толук түшпөй калган жер көчкү атайылап түшүрүлөт

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 141 | 0

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа – Сары-Булак ички чарбалык жолунда 11-декабрда тоо боорунан толук түшпөй калган жер көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ага Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнөн артиллериялык эсеп менен 6 атайын унаа, жериндеги абалды байкоо жана координациялоо максатында ӨКМдин Координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчыларынын жетекчилигинде ыкчам топ, ИИМден 2 экипаж тартылды.

7-декабрда саат 17:00 чамасында Кара-Кулжа — Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы Көк-Жар тилкесиде жалпы көлөмү болжол менен 12000 м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган.

Аймакта жер көчкү түшүү кооптулугу жогору экендиги тууралуу корутунду ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан 2022-жылдын 14-июнунда чыгарылып, эскертүү берилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM