Connect with us

Депутат аэропорттогу таксилерди жөнгө салуу керектигин айтты

Кыска кабар | 10 Дек 2024 | 198 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин 10-декабрдагы жыйынында «Манас» аэропортундагы таксисттерди тартипке салуу керектигин айтты.

Тармактык комитет Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда карады.

 “Мисалы, Түштүк Корея, Жапонияга барсаңыз, таксинин баары таза, отургучтары апаппак, такси айдоочулары жакшы кийинген, турист катары түшсөң абдан жагымдуу. Бизде ушундай шарт түзүлөбү?” , — деп сурады депутат.

Мындан тышкары, аэропорттогу таксилердин ишин жөнгө салып, лицензиясы бар таксилер гана иштешин камсыз кылууну сунуштады.

«Орусиядан ооруган баласы менен аял келген экен. Биринчи жолу Кыргызстанга келиптир, аэропорттон түшсө эле, Бишкекке чейин 4 миң 5 миң сом деп эле сурай беришиптир. Жол акы мындай акча турбайт да. Муну бир журналист көрүп калып, кийлигишип, чынында андай баа эместигин айтып, талаша кеткен. Кыскасы, ушул сыяктуу жапайы мамиле бар да. Ушул жагын жөнгө салынабы?», — деди депутат.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Кытайда да такси айдоочуларына бирдиктүү форма бар экенин, Кыргызстанда да бул маселе келечекте чечилерин билдирди.

«Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзам долбоору менен жеңил таксилердин ишмердигин лицензиялоону киргизүү бөлүгүндөгү 5-берененин 2-бөлүгүнүн 12-пунктундагы жана 15-берененин 17-пунктундагы «(жеңил таксилерден тышкары)» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM