Connect with us

Быйыл Кыргызстан 7 миллионго жакын инкубациялык жумуртка сатып алды

Кыска кабар | 10 Дек 2024 | 228 | 1

Кыргызстан 2024-жылдын 11 айында үчүнчү өлкөлөрдөн жалпы 6 млн 971 миң 760 инкубациялык жумуртка сатып алды.

Анын ичинен Түркиядан 4 мнл 922 миң, Өзбекстандан 2 млн 33 миң 760 жана Франциядан 16 миң инкубациялык тоок жумурткасы импорттолду.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 млн 664 миң 182ге көп. Тагыраагы, 2023-жылдын 11 айында жалпы 2 млн 307 миң 578 инкубациялык жумуртка келген.

Мындан тышкары, быйыл Франциядан 9 миң инкубациялык үндүк жумурткасы импорттолду. Ал эми Өзбекстандан 2 млн 310 миң 120 даана тоок жумурткасы алынып келинди.  

Жыл башынан бери өлкөгө 36 млн 947 миң 880 тамак-аш жумурткасы импорттолгон, ал эми экспорт 236 600дү түздү.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM