Connect with us

Райондук сот Канатбек Исаевди тил кат менен абактан бошотту

Кыска кабар | 8 Дек 2024 | 151 | 0

Бишкектин Октябрь райондук соту 6-декабрдагы чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын өзгөрттү.

Жактоочу Бакыт Осмоналиевдин айтымында, сот аны чет жакка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошотту.

Канат Исаев 20-ноябрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо” беренеси боюнча айып тагылган.

 Ал өзү журналисттерге күнөөсүн мойнуна албай турганын жана уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы жок экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM