Connect with us

Камчыбек Ташиев өзү окуган мектеп-интернатына көчөт отургузду

Кыска кабар | 8 Дек 2024 | 162 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы өзү окуган мектеп-интернатынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Камчыбек Ташиев мугалими жана классташтары менен бирге бул жерге бак-дарак отургузду.

Учурда аталган мектеп-интернатына 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана курулуп жатат. Өзүнчө спорт жана волейбол аянтчаларын жана чогулуш залын куруу пландалууда. Эки объекттин курулуш иштери 70 пайызга аткарылган. Иштин баасы 324 миллион сомду түзөт.

Бул Оштогу социалдык колдоого муктаж балдар билим алган жалгыз мектеп-интернат. Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаты 1964-жылдан бери иштейт. Биринчи аял космонавт Валентина Терешкованын урматына аталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM