Connect with us

Бүгүн телерадио кызматкерлеринин күнү

Кыска кабар | 8 Дек 2024 | 134 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Ал бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасы санарип доордун чакырыктарына ылайыкташып, ырааттуу өнүгүү жолунда баратканын белгиледи.

Коомдук пикирди калыптандырууда, актуалдуу маселелерди чагылдырууда, ошондой эле демократиялык баалуулуктар менен принциптерди алдыга жылдырууда салттуу басмасөз, радио уктуруу жана телекөрсөтүү менен катар интернет басылмалары жана социалдык медиа тармагы да негизги ролду ойноодо.

Президент теленин аудиториясын кармап калуу үчүн эл аралык тажрыйбаларга таянып, теле-радиодо жасалган контентти өнүктүрүү, учур талабына ылайыктап чыгарууга өтүү керектигин айтты.

“Сиздер жөн гана маалымат таратууда эмес, коомду туура жолго багыттоодо, улуттук баалуулуктарды жайылтууда жана акыйкаттыкты камсыз кылууда эмгегиңиздер эбегейсиз. Мына ошондон улам, теле-радио кызматкерлеринин мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы зор деп баса белгилөөгө болот”, — деди Садыр Жапаров.  

1958-жылдын 8-декабры Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы көрсөтүү обого чыккан күн. Бишкек студиясы 194 метр бийиктиктеги телемунара аркылуу ишке кирип, ушул күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү эфирге чыккан.

Бул кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда Өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Кыргызстанда 188 радио жана 45 телеканал Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM