УКМК Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалганын билдирди.
УКМК акциздик продукцияларды (алкоголдук жана кант камтыган продукция, тамеки буюмдарын) өндүрүү, импорттоо жана сатуу жогорку саясий жетекчилик тандап алган туура салыктык башкаруу, өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн маанилүү фактор болуп саналаарын белгилейт.
Маалыматка караганда, тергөө иштеринин жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.Абдуваповдун жана анын орун басары И. Кыдыргычовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган.
Бүгүнкү күнгө карата аталган жогорку кызматтагы аткаминерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди, мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга айып тагылып, сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын бир нече кызматкери мыйзам бузууга шек саналып, УКМК тарабынан кармалган.