Connect with us

«Кадастр» мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 6 Дек 2024 | 154 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка (мурдагы Шарк)  айыл аймагынын Ачы массивинде мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын директору Ж.Р.Б. кармалды.

Ал өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин башкы планына  өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана жеке турак-жай куруу үчүн «Жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө» мамлекеттик актыларды мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Негизинен бул жерлердин категориясы алгач социалдык объекттерди жана айыл чарба багытындагы жерлерди курууга арналган.

Аны менен катар козголгон кылмыш иштеринин алкагында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын 11 кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM