Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жыл жаңырган түнү фейерверк атылбайт. Мындай чечимди борбор калаанын мэриясы кабыл алганын басма сөз кызматы кабарлады.
Жаңы жыл түнү майрамдык концерт гана болот.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттарды атпоону сунуштаган.
Экологдордун айтымында, фейерверк экологияга чоң зыян келтирет.
Бишкек 6-декабрда кайрадан абасы эң көп булганган шаарлардын катарына кирди. IQAir платформасынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын борборунда абанын сапатынын индекси (AQI) “зыяндуу” деп классификацияланган деңгээлге жетти.
6- декабрь саат 11:00гө карата абадагы зыяндуу РМ2,5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 175 баллды түздү.
Дүйнөлүк рейтингде Бишкек шаарынан мурун абанын булганышы көптөн бери системалык көйгөйгө айланган Дели, Дакка, Лахор,Карачи жана Шанхай сыяктуу шаарлар турат.
Сайттагы маалыматка караганда, Бишкектин Красный строитель, Рыскулов көчөсү, Токтогул, Беш-Күңгөй айылы жана башка аймактар абасы кир аймактар катары көрсөтүлгөн.