Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.
“Буга чейин бала бакчалардын жетекчилери мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин эмгек акысын жогорулатууну суранышкан, бул эле маселени Жогорку Кеңештин депутаттары да көтөрүшкөн.
Ушундан улам министрлик 2025-жылы бала бакчалардын жетекчилеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иш алып барууда. Каржылоо булактары аныкталып, саясий чечимдер кабыл алынса, кошумча маалымат берилет” , — деп айтылат маалыматта.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова “Биринчи радионун” түз эфиринде Кыргызстанда 2025-жылы бала бакчалардагы тарбиячылардын айлыгын көтөрүү пландалып жатканын айткан.
Ал белгилегендей, 2025-жылдын бюджеттик планы каралып жатканда бул маселе Финансы министрлиги менен биргеликте киргизилген.
«Эми келаткан жылы бала бакчалардагы тарбиячылардын айлык маяналары жогорулайт», — деген ал.
2022-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын эмгек акысы 80% жогорулаган.