Connect with us

Абактагы адвокат Матцаковдун үй-бүлөсү жардамга муктаж экени айтылды

Кыска кабар | 6 Дек 2024 | 188 | 0

Камактагы адвокат Самат Матцаковдун үй-бүлөсү учурда жардамга муктаж экенин укук коргоочу, «Кылым шамы» коомдук уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова кабарлады.

Анын алты, төрт жана бир жаштагы балдары бар. Адвокат үй-бүлөсүн жалгыз өзү камсыздап келгенин, эми аялы жалгыз кыйналып жаткандыгын, логопедге барып жаткан баласы каржы тартыштыгынан ага бара албай калганын айтып, балдар азыр ооруп жаткандыгын кошумчалады.

«Самат Матцаков учурда алдамчылык жана документ жасоо боюнча айыпталып жатат. Бирок териштирүү иштери мыйзамга ылайык жүргүзүлбөй, Матцаковдун өзүнө билбеген күнөөлөр жабылууда. УКМКнын билдирүүсүндө ага «судьялар менен мыйзамсыз сүйлөшүү» боюнча дагы айып коюлууда. Үй-бүлөсү күнүмдүк керектөөлөр үчүн акчалай жардамга жана бала багуучу адамга муктаж. Кайдыгер карабаган жарандарыбызды Самат Матцаковдун үй-бүлөсүнө жардам берүүгө чакырабыз» , — деп жазды укук коргоочу.

Адвокат Самат Матцаков 29-ноябрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Адвокат өзүнүн кармалышын кесиптик ишмердигине байланыштырган.

Самат Матцаков ишкер Имамидин Ташовду, акын Аскат Жетигенди, Темиров лайвдын журналисттери Актилек Капаровду, Акыл Орозбековду коргоп келген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM